Бүгүн, 30-декабрда республика боюнча райондук суу чарба башкармалыктарына кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган JAC T-8 үлгүсүндөгү 44 кызматтык автоунаа пайдаланууга берилди. Анын ичинен 42 автоунаа Суу ресурстары кызматына, ал эми 2 автоунаа Балык чарба департаментине бөлүндү. Жалпы суммасы 92,6 миллион сомду түздү.

Бул демилге Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында ирригация тармагын өнүктүрүүгө жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган. Суу ресурстары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүдө жана калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууда стратегиялык мааниге ээ.

Буга чейин ирригациялык тармактарды оңдоп-түзөө жана механикалык тазалоо иштерин күчөтүү максатында 2024–2025-жылдары мамлекет тарабынан 104 даана атайын техника, ал эми эл аралык институттардын колдоосу менен 182 даана техника Суу ресурстары кызматына тапшырылган.
Жаңы берилген JAC T-8 үлгүсүндөгү жолтандабастар аймактардын татаал жол шарттарын жана табигый өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандалып алынган. Алар суу чарба адистерине объектилерге өз убагында жетүүгө, авариялык жана өндүрүштүк маселелерге ыкчам чара көрүүгө, ирригациялык системаларды туруктуу көзөмөлдөөгө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт.
Мамлекет мындан ары да суу чарба тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, инфраструктураны модернизациялоо жана кадрдык потенциалды бекемдөө багытындагы иштерди ырааттуу улантат.
