Гүлчө мэриясында жыл жыйынтыгы белгиленди

Гүлчө шаарында жыл жыйынтыгын чыгарган иш чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү» № 369 Жарлыгынын алкагында Гүлчө мэриясынын жыл жыйынтыгы чыгарылды.

Уңгу жол ар бир жарандын жүрүм-туруму жана ой жүгүртүүсүн аныктоочу ынанымдардын, адеп-ахлактык баалуулуктардын жана таянымдардын тутумун калыптандыруучу идеологиялык негиз катары саналып, атайын номинациялар ыйгарылды.

Мындан сырткары көрүнүктүү ишмер «Алымбек датка Асанбий уулунун» 225 жылдык маарекесин өткөрүүгө салым кошкон мекемелерге мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *