Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки иш планын бекитти

Министрлер Кабинети 2030-жылга карата иш планын бекитти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда негизги максаттарга экономиканын жыл сайын 8%га өсүшү, ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү жана башкалар кирет. Жалпысынан төмөнкүдөй иштер күтүлөт:

Индустриализация — технологиялык хабдарды түзүү, өндүрүштө пилоттук кластерлерди ишке берүү.

Логистика — жаңы жолдорду салуу жана кеңейтүү, өткөрүү бекеттерин модернизациялоо, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун ачуу, кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу.

Айыл чарба — айдоо аянттарын 202 миң гектарга чейин көбөйтүү.

Туризм — ири мейманкана түйүндөрүн тартуу, туробъектилерге барган жолдорду оңдоп-түзөө.

Энергетика — гидроэлектрстанцияларды куруу (Жогорку Нарын жана Сары-Жаз каскаддары). Подстанция, энергобъектилерди салуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *