«Чет элдик жаран» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Ички иштер министрлиги комплекстүү жана ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2025-жылдын ноябрынан декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан республиканын аймагында миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында «Чет элдик жаран» аталышындагы атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 300 миң сомдон ашык айып пул салынды.

Ошондой эле ишкердик жана башка ишмердүүлүк объекттери, анын ичинде кафе жана ресторандар, тигүү цехтери, автоунаа салондору, курулуш объектилери, турак жайлар жана чет өлкөлүк жарандардын убактылуу жашаган жерлери текшерилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *