Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 4:2 эсебинде утту

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында экинчи жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз фудбол союзунан билдиришти.


Турнир ушул күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат.
Тайпалык баскычтын 2-турунун алкагындагы беттеште кыргызстандыктар Тажикстан фудбол курамасы менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Эки голду Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизсе, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рыспекова дагы бирден гол киргизишти.
Биринчи турда кыргызстандыктар Түркестандын командасын 3:1 эсебинде утуп алган. Эки раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы 6 упайга ээ болуп, 1-орунду ээледи.
7-февралда Кыргызстандын курама командасы Иран менен беттешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *