Кыргызстан боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн окуу-лабораториялык жабдуулар жана МКТ каражаттары менен камсыздалды. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында жеткирилди.
Мектептерге 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди. Бул каражаттар сабактарда изилдөө иштерин жүргүзүүгө, лабораториялык иштерди башкарууга жана эксперименттердин жыйынтыктарын санариптик форматта көрсөтүүгө колдонулат.

