Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайлык бир катар компаниянын өкүлдөрү жана банктардын жетекчилери менен жолугушту. Ал Кытайлык банкттарга Кыргызстанга инвестиция салуу жолдорун, гидэнергостанцияларды, күн жана шамал электростанцияларын куруу долбоорлоруна катышууну карап көрүүнү сунуштады.
Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жумушчу сапары менен жүрөт, анын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *