Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын басы көтөрүлдү

КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.
Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри — 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 — 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.
Учурда АИ-80дин орточо баасы — 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *