Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстандын кайсы аймагына кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болору боюнча сунуштама берди.

Ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен питомниктер менен биргеликте мөмө-жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүү иштелип чыкты. Маселен, Баткен облусунун климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүгө ылайыктуу. Өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун, Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен району менен Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат.
Жалал-Абад облусусунун Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак дарак өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ылайыкташкан. Сузак районунда жүзүм молтүшүм берет. Аксыда болсо кайналы, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат.
Ысык-Көл облусу жана Тоң райондору мөмөлүү бак дарактарды, анын ичинен гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабы малина жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Кулпунай өстүрүү баардык райондордо мүмкүн.
Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө мүмкүн.
Ош облусунун негизги адистештирүүсу дан эгиндери, жашылча, бахча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана техникалык өсүмдүктөр болуп эсептелинет. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн баардык түрүн Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өстүрүү сунушталат.


Талас өрөөнүнүн кыртыш-климаттык шарттары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинен алма, алмурут, кайналы жана жемиш өсүмдүктөрүнүн баардык түрүн өстүрүүгө ылайыктуу.


Чүй облусу Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүүгө байланыштуу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн – алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *