Орозо айт намазы 10-апрелде Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, айт намаз таңкы саат 07:30да башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *