Аламүдүн районунда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык,Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылына жакын жайгашкан 0,18 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган жер тилкесин ээликтен ажыратуу менен учурдагы рыноктук баасы 5 млн 466 миң 112 сомду түзгөн. Тактап айтканда, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринин негизинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Аламүдүн райондун прокуратурасынын жазма буйругунун негизинде Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жактарга аукциондун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жана жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыз менен кайрылган.
Жогорку соттун 2024-жылдын 25-январындагы чечими менен Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын доо арыздары толугу менен канааттандырылды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *