АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкканын Bloomberg билдирди. Чечим 27-январдан тартып күчүнө кирди — бул АКШ БУУга билдирүү жөнөткөндөн туура 1 жыл өткөндөн кийин ишке ашты.
Келишимден чыгуу тууралуу жарлыкты президент Дональд Трамп 2025-жылдын январында инаугурация күнү кол койгон.
Париж келишими глобалдык жылуулукту чектөөгө жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган. Андан чыгуу менен АКШ:
-парник газдарын кыскартуу боюнча милдеттенмелерден баш тартат;
— эл аралык климаттык конференцияларга катышуусун токтотот;
— өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттык жардамды кыскартышы мүмкүн.
АКШ Кытайдан кийин дүйнөдөгү экинчи ири парник газ чыгаруучу өлкө. Эксперттердин баамында, бул чечим глобалдык температуранын өсүшүн кошумча 0,1°Ске жогорулатышы мүмкүн.
Бул — Трамп президент болгондо АКШнын Париж келишиминен экинчи жолу чыгышы. Буга чейин Байдендин администрациясы келишимге кайра кошулган.
Буга чейин АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан да расмий чыккан.
