Минкаб: Кийинки жылы ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт менен машыгуусу керек

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды.

Учурда Кыргызстанда калктын болгону 15%ы спорт менен үзгүлтүксүз алектенет. План боюнча бул көрсөткүч 30%га чейин жеткирилет.

Негизги багыттар:

  • Айылдарда арзан спорт аянтчаларын жана модулдук комплекстерди куруу
  • Мектеп, студенттик жана массалык спортту өнүктүрүү
  • Тренерлерди, спорт дарыгерлерин, психологдорду даярдоо
  • Жогорку жетишкендиктер спортун колдоо
  • Улуттук спорт түрлөрүн (көк бөрү ж.б.) өнүктүрүү

Ошондой эле спорт улуттук санарип платформасын түзүү пландалууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар программаны аткаруу боюнча жылына 2 жолу отчет берет.

Максат — калктын саламаттыгын чыңдап, кыргыз спортун эл аралык деңгээлге чыгаруу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *