Гарвард университетинин окумуштуулары сулуу жана жаш бойдон узак жашоонун эң жөнөкөй себептерин аныктап чыгышкан.
Сулуу жана жаш бойдон узак жашоого физикалык активдүүлүк 5%, туура тамактануу 15% жана ой-жүгүртүү 80% таасир этээрин билет белеңиз? Эгер узак жана дени-сак жашоону кааласаңыз анда ой-жүгүртүүңүздү өзгөртүп жана мээңизди көбүрөөк иштетиңиз.


1.ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨНҮҮ Тил үйрөнүү эске тутумду жана жаңы бир нерсени өздөштүрүү жөндөмүн жакшыртат. Эки же андан көп тилде сүйлөгөн адамдар тез өнүгүп, коомдогу өзгөрүүнү бат кабыл алышат. Кандайдыр бир жумуш жасаарда көңүл коюп жасашат. Натыйжада алар карыганда мээнин курчтугун сактап калышат.


2.КЕСИПТИ ӨЗГӨРТҮҮ Эгерде адам 40 жашында кесибин алмаштырса, мээнин клеткаларынын ортосунда жаңы байланыштар пайда болот, мында балалык кездегидей, мээ өсүп-өнүгөт. Албетте кесибиңизди түп тамырынан бери эмес кесибиңизге жакын же жөндөмүңүзгө карап тандасаңыз болот.


3.СҮЙҮНҮҮ Мээ позитивдүү эмоцияларды жакшы көрөт жана позитивдүү маалыматтарда жакшы иштейт. Жагымдуу жана кызыктуу адамдар, балдар менен көбүрөөк баарлашыңыз. Эгер кубана турган эч нерсе жоктой сезилсе, айланаңызда болуп жаткан нерселерге кызыгыңыз.


4.МЭЭГЕ ПРАКТИКА КЫЛЫҢЫЗ Мээнин иштеши адаттан тыш жүктөр менен жакшырат – окумуштуулар муну нейробика деп аташат. Мисалы оң колуңуз менен кылганды сол колуңуз менен кылып көрүңүз, дайым эле бир темпте сүйлөбөстөн ымдоону-жаңсоону колдонуп сүйлөп көрүңүз.


5.ФИЗИКАЛЫК АКТИВДҮҮЛҮК Көп адамдар өмүрүн отуруп өткөрүшөт.Кечке офисте, машинада, ал эми үйдө телевизордун алдында отурушат. Бирок мындай көрүнүш бизге пайдалуу эмес. Жөнөкөй болсода көнүгүү жасап,кыймылдаңыз, басыңыз. Йога – иммундук системаны бекемдейт жана психологиялык абалды жакшыртат. Аны менен тынымсыз машыгууда сиз мээнин иштешин жакшыртып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача аласыз.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *