2024-жылдын 5-февраль күнү Каракол шаарында спорт тармагындагы өткөнкү жылды жыйынтыктоочу Каракол шаарынын спорт бөлүмүнүн иш-чарасы өткөрүлдү.
Анда 2023-жылдын мыкты спортчуларын колдоо иретинде 13 миллион 400 мин сом сыйлык катары 100 дөн ашык спортчуга берилди.
Алардын арасында жаштар арасындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиону-Джумаев Амантур жалпы 2 миллион 500 мин сом алса, Тойтонова Кымбат 1 миллон 500 мин сом, машыктыруучулардан Сабатаров Бейшен Абакирович 1 миллион сом сыйлыкка ээ болушту.
Сүрөт: Sport AKIpress

