Тоолордо -33 градуска чейин суук болот. 8-декабрдан баштап өлкө аймагында кар жаап, жолдор тайгак болот.
Кыргызгидромет 8-9-10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаай турганын кабарлады. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, айрым жерлерде туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк аймактарда секундасына 15-20 метрге, ал эми Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Жолдор тоңуп, тайгак болот.Бул күндөрү абанын температурасы тоолуу аймактарда түнкүсүн -33 градуска чейин төмөндөйт.
Ал эми дыйканчылык аймактарда эң төмөнкү температура -23 градус болору болжолдонду. Мындан улам ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн экени белгиленди.

