Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды

Анаркуловдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты.

Маалыматты бизге Анаркуловдун адвокаты Мунарбек Супатаев тастыктады. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда.

Анаркулов 2021-жылы президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп турганда да кармалган.

Ал УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе экени айтылып келет. Ташиев кызматтан алынгандан кийин анын кайрылуусун Анаркулов жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *