Вокалдык-аспаптык ансамблдер үчүн музыкалык аспаптар тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 12 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын алкагында маданият жана искусство багытындагы билим берүү мекемелерине вокалдык-аспаптык ансамблдер (ВАА) үчүн музыкалык аспаптарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Долбоордун алкагында республика боюнча 21 билим берүү мекемеси тандалып алынып, алар үчүн жогорку сапаттагы заманбап музыкалык жабдуулар сатып алынды. Бардык аспаптар тиешелүү техникалык текшерүүдөн өткөрүлүп, пайдаланууга толук даяр абалда тапшырылды.

Президенттин колдоосу менен алынган музыкалык жабдуулардын курамына төмөнкүлөр кирет:

– 4 кылдуу бас-гитара Yamaha TRBX304GM – 21 даана;

– электр гитара үчүн процессор GP-200 LT – 21 даана;

– санарип пианино Yamaha DGX-670B – 21 даана;

– бас-гитара үчүн комбо-күчөткүч Ampeg RB-108 – 21 даана;

– акустикалык колонка Yamaha DBR15 – 42 даана (21 жуп);

– электр гитара Yamaha Pacifica 212VFM CB – 21 даана;

– электро-акустикалык гитара Yamaha DGX800C SBS – 21 даана;

– моделдөөчү гитара комбо-күчөткүч Line 6 Catalyst 100 – 21 даана;

– микшер пульту Yamaha MG16XU – 21 даана;

– сахналык монитор Yamaha DBR12 – 42 даана (21 жуп).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *