Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ККМ аппараттарына каршы болуп жаткан соодагерлер тууралуу пикирин билдирди. Ал өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылып, алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышаарын айтты. Бул тууралуу Ташиев УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди.

Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз” – деди Ташиев.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *