Бүгүн 6-декабрь, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду. Өлкө башчыны туулган күнү менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев , Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Түркмөнстандын өлкө башчысы Сердар Бердымухамедов, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо телеграммасын жолдошту.

Анда өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө Садыр Жапаровдун жеке салымы чоң экендиги айтылды. Ошондой эле өлкө башчыга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүнө зор ийгиликтерди каалашты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *