Кытайлык Air China авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу аткарып турат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди.
Жаңы маршрут эки өлкө ортосунда саякаттоо, бизнес жүргүзүү жана маданият алмашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы кабарланды.
Алгач ирет Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы 2024-жылы ачылган. Учурда бул каттам аркылуу China Southern авиакомпаниясы жумасына алты күн каттамдарды аткарып келет.

