Кыргыз Респулбикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Мелдеш 10- январда башталып, 14-январда жыйынтыкталат.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке чыгышат.
Курама команданын тизмеси:
— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
— 68 кг Нурзат Нуртаева;
— 76 кг Айпери Медет кызы.
Андан тышкары курама команда 15-22-январь күндөрү Венгриянын Тата шаарында өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат.
Курама команданын тизмеси:
— 59 кг Калмира Билимбек кызы;
— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
— 68 кг Нурзат Нуртаева;
— 76 кг Айпери Медет кызы;
— Нурбек Изабеков башкы машыктыруу.

