Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорт комплекси Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерине курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп саналат.
Максаты жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорт менен машыгууларына шарт түзүү. Салтанатка Баткен облусунун өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып 400 миң сомдук спорттук жабдууларды тапшырды.

Ошондой эле демөөрчүлөр жана “Аялдар тынчтык долбоору” тарабынан 850 миң сомдук, Кыргызстандын айылдык ден соолук комитети тарабынан 750 миң сомдук спорт залга керектүү болгон жабдуулар алынып берилди. Спорт залдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен, дем берүүчү грант жана демөөрчүлөрдөн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *