2023-жылы жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн. сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришти.
Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан өткөн жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1 213тү түзгөн.
Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны 454 болсо, мыйзам бузуулар 1771ге жеткен. Контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1165 бузуулар жоюлду.
Ал эми жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 621ди түздү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *