Кытайдын «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унаа берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Атайын техника акысыз гранттык негизде берилип, Бишкекке жакын арада келет.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.


Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшоодо.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *