Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди.


Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкеде жол кыймылын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгына өткөн жылы кол койгон.


КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырмасына ылайык, Өзгөн шаарына айланма жол куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *