Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койгонун 9-январда фейсбук баракчасында жазды.


Аталган жарлык ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатын көздөөдө.


Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшербейт.
“Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз”, – деп жазды өлкө башчы.


2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан болчу.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *