Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиядага катышууда

Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында болуп жаткан математика, физика жана информатика боюнча ХХ юбилейлик Эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыния сыяктуу 15 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу, 85 команда катышат. Белгилей кетсек, олимпиада соңку үч жылдан бери онлайн форматта өтүп келген. Быйыл кадимки оффлайн форматында 2024-жылдын 8-январынан башталып, 13-январына чейин өткөрүлөт.

Өткөн жылы бул олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *