“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы алардын ичинен 7 рейс Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандарын Алматыга жөнөткөнүн билдиришти.
“Саат 8:30дан тарта абал турукташып, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер Бишкекке кайтууда”, — деп айтылат маалыматта.

