Бишкек шаарында SMM адиси, графикалык дизайнер, бухгалтердик жана чач тарач боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.
Окуудан өтүүнү каалоочулар жашаган жери боюнча, райондук жумушсуз жарандарды каттоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ал үчүн өздүгүн тастыктаган паспорт, эмгек китепчеси (эгер бар болсо) жана билимин тастыктаган документ керектелет.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *