Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.
Айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган.

«Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак чек араны тактоо иштери 2023-жылдын жазында кайра жанданды. Буга чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан. Октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан 57 чакырым, ноябрь айында 17,98 чакырым тилке такталганын кабарлаган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *