Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдиргендей, 4млн 500миң евро гранттык каржатка Бишкек, Ош, Талас шаарларына бирден перинаталдык борборлорду, ошондой Бишкекке кургак учукка каршы оорукана куруу пландалууда.
Комитет төрагасы Улан Примов каражат грант катары келип жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун кесиптештерин колдоп берүүгө чакырды.
Мындан тышкары комитетте бир нече мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды.
Атап айтсак: «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
«2023-жылдын 18-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамынын долбоору;
«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.



