Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.


Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси болуп калды”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасы 2022-жылдын октябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ачылган.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *