Бүгүн 11-декбарь Ош шаарында 17:00 дон тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы өзгөрөт. Ага ылайык эми В. Ленин көчөсүнүн А. Навои көчөсү менен болгон кесилишинен баштап (болжол Ош облустук филармониясынан тарта) Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерине чейин жана Курманжан-Датка көчөсү В.Ленин көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап (болжол автобекет) А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагына чейинки жол бир тараптуу унаа кыймылы үчүн ачылат.

Бул шаардагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылын иретке келтирүү, тыгындардын алдын алуу, шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жаткандыгын Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *