Айыл чарба министринин айтымында, түзүлгөн мекеме жайыттарды калыбына келтирүү, коргоо жана мониторинг менен алектенет. Болбосо жайыттардын кунары качып, мал-жандыктын көптүгүнөн табият зыян тартууда.
Бакыт Төрөбаев жайыттарды коргоо үчүн малды азайтып, сандан сапатка өткөрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Дыйкандарга асыл тукум малдын уругу бекер таратылып, породасы жакшы мал алам дегендерге 3%дык насыя берилүүдө.
“Жайлоолорго биостимулятор чачууну пландап жатабыз. Кичине болсо да жер кыртышы асылдуулугун арттырсын дейбиз”, — деди министр.

