2026-жылы ыйык Орозо айы алдын ала маалыматтар боюнча 18-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
17-мартка караган түнү Кадыр түн болушу күтүлөт. Кадыр түн Орозо айынын 27-түндө болот.Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Орозо айт болжолдуу түрдө 20-мартка белгиленген. Бул күнү мусулмандар майрамдык Айт намазын окушат. Тактап кетсек, Рамазан айынын башталышы жана аягы ай календары боюнча аныкталат жана ай жаңылангандан кийин белгиленет.
