Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттык курам Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту.
Анда, Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкуулады. Инвестиция жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да каралды. Гидроэнергетика жана тоо кен иштетүү тармактарында Кыргызстандын потенциялы чоң экенин дагы белгиленди.
Айтылган бардык сунуш-пикирди эске аларын белгилеген Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл тиешелүү комитеттерге тапшырмалар берилип, керектүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады. Анын ичинен экологияга зыян алып келбеген заманбап технологияларды Кыргызстандагы өндүрүштөрдө колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.
Кошумчалай кетсек, Улуу Британияга болгон иш сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер барышкан.

