Өзгөн районуна караштуу “Куршаб” балдар бакчасында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара уюштурулду. 2-ортоңку тайпанын бөбөктөрү шаңдуу ыр майрам курушуп, ата-энелерге өзгөчө шаң тартуулашты. Бул тууралуу аталган балдар бакчанын тарбиячысы Тазагүл Якубова билдирди. Бакчада тарбияланып жаткан ар бир бала энелер жана жаз жөнүндө ырларды айтышып, майрамды шаңга бөлөштү. Иш чара, атайын даярдалган сахналык көрүнүштөр жана кызыктуу бийлер менен жыйынтыкталды.

Эске салсак “Куршаб” балдар бакчасында 300гө жакын балдар тарбияланат. Даталуу майрамдарда иш чараларды уюштуруу, жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты жагынан алкоого татып келишет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *