Чүй облусунда Шаршен Термечиков атындагы театр ачылды. Ага Минстрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Аталган театрдын узак убакыттан бери өзүнүн имараты болгон эмес.
Эми мурдагы «Октябрь» кинотеатрынын имаратында жайгаштырылды. Иш-чаранын конокторуна кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы тартууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы мыкты спектакль үчүн театрдын артисттерине алкыш айтты.
Эске салсак, Шаршен Термечиковдун Кыргыз маданиятына тийгизген таасири чоң. Ага эмгек сиңирген артист наамы 1941-жылы ыйгарылган.

