Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.
Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасы 28-февралда өтөт, ага Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат.