Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-майга карата мамлекеттик пособие алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү. Анын ичинен 278 миңи “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 44 миң 900гө аз. Жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган, — дешти ведостводон.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *