Балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерди коомдук иштерге тартуу же айып салуу сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын балдарды алимент төлөө боюнча милдеттерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окуу каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов карылар үйүнө ташталган ата-энелердин саны өсүп жатканын, бирок алар эч качан өздөрүнүн балдарына карата арыз жазышпай турганын белгиледи. Буга байланыштуу ал ата-энесине камкордук кылбаган жана балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерди коомдук иштерге тартууну же айып салууну сунуштады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *