Нурланбек Шакиев алардын ар бири менен баарлашып, карап жаткан жакындары менен да сүйлөштү. Андан тышкары, жабыркаган ар бир бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар берилиши керектигин айткан Нурланбек Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдон маалымат алды.
Ошондой эле балдардын тез арада сакайып кетишин тилеген Нурланбек Шакиев төраганын резервдик фондунан да каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди Белгилей кетсек, азыркы тапта Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардын ону Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда.