Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы сапардын алкагында 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тарта – Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онунчу жылдыгына арналган юбилейлик жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 9-майда, президент Садыр Жапаров Жеңиш парадына катышат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *