Трамп АКШны ДСУдан чыгарды, бирок $260 млн карызын төлөгөн жок

АКШ 22-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ / ВОЗ) расмий түрдө чыгып кетти. Бул тууралуу АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги билдирди.

Вашингтон уюмду каржылоону толук токтотуп, бардык кеңселерден жана штаб-квартирадан америкалык кызматкерлерин чакыртып алды.

Bloomberg маалымдагандай, АКШ ДСУ алдындагы $260 млн карызын төлөбөй кеткен.

Дональд Трамп ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка экинчи президенттик мөөнөтүнүн биринчи күнү — 2025-жылдын 20-январында кол койгон. Ал уюмду COVID-19 пандемиясындагы “ката аракеттер”, натыйжасыз реформалар жана саясий көзкарандылык үчүн айыптаган.

Бирок 1948-жылдагы Конгресс резолюциясына ылайык, АКШ ДСУдан чыгуу үчүн бир жыл мурда эскертип, бардык каржылык милдеттенмелерин жабууга тийиш болчу.

ДСУ АКШнын карызы боюнча укуктук жолдорду май айындагы жыйында талкуулайт, бирок уюмдун мажбурлоо ыйгарым укугу жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *