Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын улук экономисти Бакыт Дубашов билдирди.
Анын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички экономиканы стимулдаштыруу болот. Айрыкча, жеке керектөөнүн көбөйүшү, инвестициялардын өсүшү жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши күтүлүүдө.
«Биздин божомолдор экономикалык активдүүлүк негизинен ички факторлор аркылуу колдоого алынат деген негизге таянат. Реалдуу сектордо өсүштү өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары камсыздайт», — деп белгиледи Бакыт Дубашов.
Кыргыз Республикасынын экономикасы 2026-жылы ички суроо-талаптын, инвестициялардын жана мамлекеттик чыгымдардын эсебинен өсүшүн улантат. Бул өлкөнүн экономикасында оң динамика сакталарын айгинелейт.
