Түштүк Кореянын прокуратурасы мурдагы президент Юн Сок Ёлго өлүм жазасын берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Айыптоо тарабынын маалыматына караганда, Юн Сок Ёл өткөн жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп күнөөлөнүүдө. Прокуратура бул ишти конституциялык түзүлүшкө түз коркунуч келтирген оор кылмыш катары баалоодо.
