Өлкөдө мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди.

Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл болгон учурларда бул маселе курч турат.

Ушуга байланыштуу министрлик аймактарда бөлүмдөрү бар, жогорку технологиялар менен камсыздалган референс-лабораториянын долбоорун иштеп чыгууга киришкени айтылды.

Министрдин айтымында, саламаттык сактоо тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — оор илдеттердин, анын ичинде залалдуу шишиктердин кеч аныкталышы. Көпчүлүк бейтаптар дарыгерлерге оорунун 3–4-стадиясында гана кайрылышат. Бул, анын айтымында, эффективдүү лабораториялык диагностика системасынын жоктугу менен түздөн-түз байланыштуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *