Анда тараптар соода-экономикалык, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар жана виза режимин жеңилдетүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, С5+1 форматындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Касымалиев өлкөнүн экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары экономика туруктуу өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан АКШ менен инновация, санариптештирүү жана технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.


