Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Манас университети аркылуу өтүүчү жол ачыларын жарыялады.
Ал чечим буга чейин кабыл алынганын жана мэриянын кеңсеси жол ачылгандан кийин коопсуздук чараларын камсыз кылууга убада берип жатканын айтты.
Ал ошондой эле шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттерди жана башка жогорку окуу жайлары чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирди.
«Манас» университети, Миңжылкиев көчөсү тууралуу маселени жабыш керек. Жол ачылат, ачабыз. Ал жерде коопсуздук маселелеринин баарын чечебиз, талаптарды да коебуз. Канча жылдан бери кылбаган иштерин, университетке да талап коебуз. Үч күндөн бери университеттин студенттери кандай тарбия алганыңарды көрдүк, орусча да, кыргызча да сөгүп, аны Фейсбукка коюп атасыңар. Бул эмне деген тарбия?»-деди Айбек Жунушалиев.


